Депутат Руслан Казакбаев өзгөчө абалды Орозо айы бүткөнгө чейин узартуу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал 24-апрелде Орозо айы баштала турганын эскертти.
"Саламаттыкты сактоо министрлигинин эксперттеринин божомолу боюнча илдеттин туу чокусу 20-апрелден 24-апрелге чейин күтүлөт. Бирок дүйнөлүк эксперттер божомолу боюнча Кыргыз өлкөсүндө илдеттин туу чокусу май айынын соңунда июндун башында күтүлөт. Бул биздин ишибизге жараша болот. Ошондуктан муфтият менен сүйлөшүү жүргүзүп, өзгөчө абалды Орозо айынын аягына чейин узартууну сунуштайм. Орозо кармагандар үйүндө болушу шарт. Эгерде өзгөчө абал токтотулса, элдер кайрадан чогулуп башташат", - деди Казакбаев.