Италиянын Жогорку Лигасында (А Сериясы) ойногон "Сампдория" футболдук клубунун коронавирус жуктуруп алган бардык оюнчулары инфекциядан айыгып чыгышты. Бул тууралуу клубдун башкы машыктыруучусу Клаудио Раньери билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Биздин бардык оюнчуларыбыз айыгып кетишти. Мен алар менен мезгил-мезгили менен байланышууга мүмкүнчүлүк алдым", - деп билдирген башкы машыктыруучу.
Эске салсак, "Сампдория" футболдук клубунун оюнчусу Маноло Габбьядини Италияда коронавирус инфекциясын жуктурган алгачкы футболчу болгон. Андан кийин аталган клубдун дагы алты футболчусу коронавирус жуктуруп алган.