Сан-Францискодо коронавирус жуктурган үй-жайы жок адамдарды мейманканага жайгаштырып, марихуана менен "багып" жатышат

АКШнын Сан-Франциско шаарында 270 чакты коронавирус жуктурган үй-жайы жок адамдарды мейманканага жайгаштырып, марихуана менен "багып" жатышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, коронавирус менен ооруган 270 үй-жайы жок адамдар менен кошо кооптуу топту түзгөндөрдү изоляцияны сактоо үчүн барар жери жок болгондуктан, мейманканаларга жайгаштырышкан. Алардын 43ү бекер алкоголдук ичимдиктер, тамеки жана медициналык марихуана алышкан. Шаардын коомдук саламаттыкты сактоо департаментинен билдиришкендей, алар ушундай жол менен аларды кармап, башкаларга жуктурбоонун амалын кылып жатышат. Ошондой эле аларды салык төлөөчүлөрдүн эсебинен эмес, жеке кайрымдуулук фондунан каржылап жатышканын жана бул ыкма Сан-Францискодон тышкары башка жактарда да колдонулуп жатканын кошумчалашкан.

Белгилей кетсек, 8-майга карата АКШда жалпы 1 миллион 256 миң 972 адам коронавирус жуктурганы аныкталып, анын 195 миң 36сы айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми 75 миң 670 бейтап каза болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
XATSAN125
2020-05-08 18:23:06
кеттик ошол жака
+2
Omar.
2020-05-08 18:47:33
XATSAN125, дүңкүйүп келебизби)))
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан