Бүгүн, 21-мартка карата COVID-19 жана пневмония илдети 68 адамдан аныкталды. Республикалык штабдан кабарлашкандай, Талас, Нарын жана Баткен облусунда акыркы сутка ичинде ооругандар катталган жок.
Бишкек шаары - 45;
Ош шаары - 4;
Чүй облусу – 12;
Ысык-Көл облусу – 6;
Жалал-Абад облусу – 1.
Республика боюнча жалпы 87 миң 389 адам коронавирус инфекциясынан жабыркады.
Ал эми соңку сутка ичинде 55 бейтап коронавирус инфекциясынан айыгып чыкты.
Бишкек шаары – 23;
Чүй облусу – 18;
Ош облусу – 2;
Нарын облусу – 4;
Ысык-Көл облусу – 6;
Баткен облусу – 2.
Муну менен өлкөдө илдет катталган күндөн бери жалпы 84 миң 185 бейтап ооруну жеңди.