Орусияда каза болгон эки Кыргыз жаранынын сөөгү кечээ, 14-апрелде унаанын үстүнө жүктөлүп, мекенине жиберилген.
Ал эми бүгүн, 15-апрелде Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги алардын өлүмүнө коронавирустун тиешеси жок экенин билдирди.
"Каза болгон маркум мекендештерибиздин өлүмүнө коронавирустун тиешеси жок. Ошондуктан аны азыркы кырдаалга байланыштыруу туура эмес", - деп билдирди элчиликтин басма сөз кызматынан.
Бирок мекеме маркум жарандардын эмнеден ажал тапканынын себебин түшүндүргөн жок.
Ал эми өздүк булактардын маалыматында каза болгон 2 жарандын бирөө курулуш ишинде иштеп жатып имараттан кулап каза тапкан. Ал эми экинчи жаран көптөн бери онкологиялык дарт менен алышып, бейтапканада дарыланып жатып каза болгон.