Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Орусия, Украина, Беларусь жана башка шериктештик өлкөлөрдөн бүгүнкү күнү 2880 жаран өлкөгө кайтып келе албай жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Орусияда 2716, Түркияда 487 адам, Бириккен Араб Эмирликтеринде 355, Пакистанда 135 жаран, Индиядан 121 адам Кыргыз өлкөсүнө кайтып келе албай жатышат. Ошондой эле Мальдив, Шри-Ланка, Таиланд, Бали, Индонезия, Бельгия, Франция сыяктуу мамлекеттерден да мекенге келе албай жаткан жарандар бар. Учурда өлкөгө келе албай жаткан жарандардын жалпы саны 4371 адам", - деди ал.
Боронов билдиргендей, 32 чартердик рейс менен сырттан 6365 Кыргыз жараны алып келинген.
Кытайда аталган илдетке чалдыккандар чыга баштагандан тарта алгач ошол жакта окуган студенттерди Кыргыз өлкөсүнө алып келүү иши колго алынганын айткан биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, андан соң Кореядан, Сауд Арабиясынан, Индиядан, Орусиядан, Түркиядан жана башка өлкөлөрдөн Бишкек, Ош жана Алматы шаарларындагы аба майдандары аркылуу өлкөгө кайтарылганын кошумчалады.