Европа коронавирус пандемиясынын борбору деп кабыл алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун генералдык директору Тедрос Гебреисус "1 күндөгү Европада коронавирус жуктургандар менен каза болгондордун саны Кытайдагы вирус күчөгөн маалдагы көрсөткүчтөн ашат. Андыктан Европа коронавирус пандемиясынын борбору деп кабыл алынды", - деп билдирген.