Бүгүн, 15-апрелде Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеңишбек Жоробеков онлайн маалымат жыйын берди. Анда облус комендантына милиция кызматкерлерине коргоочу атайын кийимдер берилбей жаткандыгы тууралуу суроо узатылды.
"Милиция кызматкерлери коргонуучу кийимдер менен толук камсыз боло элек. Алар өздөрүнүн формалары менен посттордо туруп жатышат. Ошол эле форма менен үй-бүлөсүнө барышат. Бул учур анын жакындарына да коркунуч жаратат. Качан гана тартип сакчылары ооруп калганда эле тиешелүү каражаттар менен толук камсыздалабы, көйгөйдү жаратпай алдын алса болбойбу?" деп суроо узатты жаран.
Берилген суроого Жоробеков төмөнкүдөй жооп узатты. Айтымында, кызматкерлер тиешелүү каражаттар менен камсыз болушкан.
"Коргонуучу кийим-кечелер, айрыкча стационардык, карантиндик посттордо, блокпосттордогу кызматкерлер толук коргонуучу формалар, дары-дармектер менен камсыз болушкан. Калган учурларда кызматкерлер бет кап, кол кап жана антисептикалык каражаттарды колдонушуп, өздөрүнүн жеке тазалык эрежелерин сактап жатышат. Ал эми алар үйүнө барар учурда кийим-кечегин алмаштырып, башка кийим кийип барып жатышат", - деди комендант.