Коронавирус менен жабыркаган келиндин баласынан 3 жолу тест алынды. Жыйынтыгы таза деп чыкты

Коронавирус менен жабыркаганы аныкталган келиндин баласынан 3 жолу тест алынды. Үч жолку тесттин жыйынтыгы вирустун белгилери жок деп чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта саат 18:00гө белгиленген онлайн маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

"Коронавирус менен жабыркаган келиндин баласы 2 жашка чыга элек. Андан 3 жолу тест алынган, жыйынтыгы вирустун симптомдору жок деп чыкты", - деди ал.

Өлкө боюнча коронавирус менен ооругандардын саны 42. Мындан тышкары Пакистанга даваатка барган дагы бир Кыргыз жараны вирус жуктуруп алганы белгилүү.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
talant87
2020-03-24 21:11:51
Админ жуктургандын баары кичи ажыдан келгенби же бири бирине жуканбы билип бергилечи
+2
admin_portal
2020-03-25 13:57:16
talant87, бардык маалымат бул жакта бар:
https://www.super.kg/kabar/similar/1501
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан