Бүгүндөн баштап Кыргыз өлкөсүндө европалык эмдөө жумалыгы башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйын берип жатып айтып өттү.
Анын айтымында, европалык эмдөө жумалыгына Кыргыз өлкөсү 16 жылдан бери катышып келе жатат.
"Бүгүндөн баштап Кыргыз өлкөсүндө эмдөө жумалыгы башталып жатат. Бул улуттук эмдөө планына катышат. Аталган жумалыкка биздин өлкө 16 жылдан бери катышып келе жатат. Бул эмдөөлөрдүн жыйынтыгында акыркы 5 жылда бизде полиомиелит, кургак учук, балдардын гепатит В деген оорулар катталган жок", - деди министр Алымкадыр Бейшеналиев.
Ошондой эле министр өлкө аймагында кечээ 65 бригада коронавируска каршы эмдөө жүргүзүү үчүн иштерин баштаганын кошумчалап өттү.
Маалымат жыйынга министрден тышкары Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргыз өлкөсүндөгү өкүлү Назира Артыкова, ЮНИСЕФ уюмунун Кыргыз өлкөсүндөгү өкүлү Кристин Жольм жана муфтияттын өкүлү Бактияр Токтогазы уулу катышты.