Бишкек мэриясынын алдындагы ишканалар өзгөчө абалга карабай шаардын тазалыгы, кооздугу үчүн күн сайын тийиштүү иштерди аткарып жатат. Бүгүн, 15-апрелде мэриянын маалымат кызматы жаап өткөн кардан кийинки борбор калаадагы жоогазындардын сүрөттөрүн жарыялады.
"Шаар тургундарына жакшы кабарыбыз бар. Жаап өткөн кардан кийин жоогазындар кайрадан жанданып, гүлдөп жатат. Жакында "Бишкек жашылдандыруу" муниципиалдык ишканасынын жумушчулары көп жылдык гүлдөрдүн түрлөрүн отургузууну башташат. Пандемия өтөт, гүлдөгөн шаарыбыз кала берет", - дешти мекеменин маалымат кызматынан.