Бүгүнкү күндө 96 миң үй-бүлө жардамга муктаж. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
"Өлкөдө 96 миң үй-бүлө жардамга муктаж, 78 миң адамдын жумушсуз деген расмий макамы бар. 80 миңден ашык үй-бүлөгө жардам берилди. Өзгөчө абал киргизилген аймактарда жардам берүү активдүү түрдө көрсөтүлүп жатат. Учурда эң негизги азык-түлүктөрдүн баалары жөнгө салынды. Орусиянын премьер-министри менен сүйлөшүү жүрүп, 28 миң тонна буудай жүктөлүп жатат. Жакын арада келүүсү күтүлүүдө", - дейт Боронов.
Учурда Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин биргелешкен отуруму өтүп жатат.