Депутат Жанар Акаев: "Өкмөт азыркы кырдаалда интернетте сөгүнгөндөрдү кармагандан башка иш кылган жоксуңар"

"Өкмөт азыркы кырдаалда интернетте сөгүнгөндөрдү кармагандан башка иш кылган жоксуңар" деп бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.

Эл өкүлү Тышкы иштер министрлигинин өкүлүнөн Орусиядагы Кыргыз жарандарын өлкөгө кайтарууга учак жөнөтүүгө уруксат бербөө жөнүндө орус бийлигинин документин көрсөтүүнү суранды. Ал учурда министрликтин өкүлү документ көрсөткөн жок.

"Эч кандай кагаз жок. Иштебей жатасыңар. Өкмөт азыркы кырдаалда интернетте сөгүнгөндөрдү кармагандан башка иш кылган жоксуңар", - деди депутат.

Буга чейин өкмөт өкүлдөрү чет мамлекеттеги Кыргыз жарандарын алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирип келишкен.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан