"Так талашуу оюну" сериалында Тормунддун ролун жараткан норвегиялык актёр Кристофер Хивью март айында коронавирус жуктуруп алганы маалымдалган. Бүгүнкү күнгө карата ал илдеттен арылды деп жазышат чет элдик басылмалар.
Актёр жана анын жубайы үй карантининде болушуп, дарыгердин көрсөтмөлөрүн так аткарышып, ооруну жеңе алышкан. Кристофер Хивью учурда жубайы экөөнүн абалы жакшы экенин айтып, аны колдогондорго ыраазычылык билдирген. "Өзүңүздөргө аябай сак болуңуздар, аралыкты сактаңыздар. Мүмкүн болушунча колуңуздарды бат-баттан жууп туруңуздар. Эң башкысы бири-бириңерге кам көрүңүздөр", - деген ал.
Актёрдун айтымында, аларда вирустун жеңил гана белгилери болгон, мындан улам дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүнө зарылчылык болгон эмес.