Ысык-Көлдө пневмония менен 48 милиция кызматкери ооруп жатат

«Динамо» базасында резервдик күндүзгү стационар даярдалды. Ысык-Көл ОИИБинин башчысы Улан Асанбаев «Динамо» спорт ордосунун базасында даярдалган резервдик күндүзгү стационардын шарттары менен таанышып чыкты.

Эгерде милиция кызматкерлеринин арасында коронавирус жана пневмония жугуштуу илдетинин тез тараган учуру орун алса, 20 орунга даярдалган резервдик күндүзгү стационар ишке кирет. Медициналык тейлөөнү башкармалыктын медкызматынын дарыгер, медайымдары камсыз кылмакчы. Ысык-Көл ОИИБинин медицина кызматынын маалыматына караганда, учурда пневмония дарты менен 48 милиция кызматкери жабырланууда, анын ичинен 5 кызматкер ооруканада дарыланса, 43ү медицина кызматынын көзөмөлү менен жашаган жеринде дарыланууда.

Ошондой эле медицина кызматында пневмония оорусуна чалдыккан 8 милициянын ардагери, 25 милиция кызматкеринин үй-бүлө мүчөлөрү жана 15 эркин жалданма кызматкери амбулатордук дарылануудан өтүшүүдө.

Резервдик күндүзгү стационардын шарттары менен таанышуу учурунда, ИИМдин баӊгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча башкармалыгынын башчысы Нурдин Кепаракунов өзүнүн бир туугандарынын жана теӊтуштарынын атынан милиция кызматкерлерин дарылоо үчүн кычкылтек концентраторун тапшырып кетти. Анын айтымында, ушундай эле 2 концентратор жана дары-дармектер Ысык-Көл районуна караштуу Тору-Айгыр айылындагы ФАПка тапшырылган. Андан тышкары аталган кызматынын өздүк курамы ооруканада дарыланып жаткан милициянын эки кызматкерине клексан дарысы алып берилди.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан