Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров кете албай калган бардык мекендештерди Кыргыз өлкөсүнө жөнөтүшкөнүн жергиликтүү басылмалардын биринде билдирди. Анын маалыматына ылайык, элчилик Малайзия, Таиланд, Индонезия сыяктуу өлкөлөрдөн жалпысынан 83 адамга Кыргыз өлкөсүнө кайтууга көмөк көрсөткөн.
"Элчиликтин жардамы менен дагы 21 жаран кечээ Таиланддан Казакстан аркылуу жөнөтүлдү. Мындан сырткары дагы ондогон жарандарыбыз өзгөчө абал бүткөнгө чейин мекенибизге кайтпай турууну чечишти", - деп билдирген элчи Азимбек Бекназаров.
Эске салсак, Орусиянын Новосибирск шаарындагы "Толмачево" аэропортунда калып калган Кыргыз жарандарынын аба каттамы 27-мартта токтотулуп, мекенге кайтып келе албай калышкан. Бүгүнкү күндө аба каттамы токтотулганынан улам өлкөгө кайта албаган Кыргыз жарандары - Москва шаарында 94, Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарында 100 жана Новосибирскте 143.