Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңеш вице-премьер-министрликке Аида Исмаилованын, саламаттыкты сактоо министри кызматына Сабиржан Абдикаримовдун талапкерлигин карады.
Алардын талапкерлигин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды.
Аида Исмаилова Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаты, Сабиржан Абдикаримов Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу өзгөчө коркунучтуу жана карантиндик инфекциялар борборунун жетекчиси болуп иштеп келген.
Жогорку Кеңеш Аида Исмаилова менен Сабиржан Абдикаримовдун талапкерлигин жактырды.