15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашуу каралды.
Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов аталган макулдашуунун алкагында Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы COVID-19 илдети менен күрөшүү үчүн Кыргыз өлкөсүнүн саламаттыкты сактоо системинин даярдыгын күчтөндүрүү максатында жеңилдетилген каражат бөлөт.
Жардамдын жалпы көлөмү 12 миллион 150 миң долларды түзүп, анын жарымы грант, жарымы 38 жылдык мөөнөткө 0,75 пайыз менен насыяга алынат.
Министрдин айтымында, алынган каражат COVID-19 илдетине каршы ыкчам чара көрүү иштерине, медицина кызматкерлеринин коопсуздугу үчүн керектүү каражаттарды алууга, транспорттук камсыздоого, санитардык-карантиндик постторду, лабораторияларды жаңылоого жумшалат.