Көчөлөрдү дезинфекциялоо коронавируска каршы күрөшүүнүн маанилүү бөлүгү. Мындай пикир шаар мэриясынын берген маалыматында жазылган.
Анда жарандар тарабынан "Дезинфекциялоо канчалык деңгээлде натыйжалуу. Анын пайдасы барбы?" деген сыяктуу көптөгөн кайрылуулар келип жатканы айтылат.
Буга байланыштуу шаар мэриясы коронавируска каршы күрөшүүдө көчөлөрдү залалсыздандыруу боюнча дүйнө мамлекеттериндеги шаардык кызматтардын ишине карата мониторинг жүргүзүп чыкканын маалымдайт.
"Шаар мэриясы ӨКМ менен биргеликте Бишкекте covid-19 инфекциясы аныкталган биринчи күндөн баштап эле дезинфекциялоо иштерин жүргүзө баштаган. Батыш мамлекеттеринде дагы көчөлөрдү дезинфекциялоо практикасы кеңири колдонулуп келет. Ал жакта көчөлөрдү дезинфекциялоо үчүн гипохлорит эритмеси колдонулат экен. Бул аралашманын адамдар, жаныбарлар жана өсүмдүктөр үчүн заыяны жок экендиги ошол эле маалда ал түрүнө карабастан бардык микробдорду жок кылары аныкталган. Италия, Испания жана Франция мамлекеттеринин шаар жетекчилери азырынча көчөлөргө дезинфекция жүргүзүү covid-19 инфекциясынан коргонуунун эң эффективдүү жолу экенин белгилеп келишет. Иран, Түркия сыктуу өлкөлөрдө дагы шаар көчөлөрү дезинфекцияланып турат. Бул иштер үчүн ал жакта өрт өчүрүү кызматынын унаалары жана кызматкерлери тартылган.
MedRxiv (https://www.medrxiv.org/) жүргүзгөн изилдөөгө таянсак, вирус абада 3 саат, желим менен темирдин үстүндө 2-3 күнгө чейин сакталат.
Андыктан бул жаңы вируска каршы күрөшүүдө шаардык мэрия эпидемиологдор менен Республикалык штабдын берген көрсөтмөлөрүн аткарып жатат.
Бишкек шаарынын көчөлөрүн дезинфекциялоо үчүн колдонулган эритиндини жасоо, даярдоо иштери мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун катуу көзөмөлүндө жүргүзүлөт.
Дезинфекциялоонун натыйжасында тургундар бут кийимдери менен инфекцияны үйлөрүнө алып барбашына шарт түзүлөт. Учурда күндүзгү жана түнкү стационарларды жана аларга караштуу аймактарды дезинфекциялоо иштерине өзгөчө көңүл бурулуп жатат", - деп жазылат маалыматта.
.