Бүгүн, 16-апрель күнү Өкмөт үйүндө саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өлкөдөгү эпидемиологиялык абал тууралуу онлайн жыйын берүүдө.
Анда коомчулуктан келген суроолорго жооп берүүдө.
"Кыргыз өлкөсүндө коронавируска чалдыккан кош бойлуу аял катталдыбы? Инфекция энеден балага өтүшү мүмкүнбү?" деген суроого Үсөнбаев: "Эгер энеси коронавирус жуктурган болсо, балага өтүп кетиши толук ыктымал. Ал төрөтканадагы гигиеналык эрежени сактагандан көз каранды болот", - деген жооп узатты.