Казакстандын Жамбыл облусунда коронавирус жуктуруп алганы аныкталган адам Кыргыз жараны экени белгилүү болду

Казакстандын Жамбыл облусунда 29 жаштагы жарандан коронавирус аныкталган. Ал 23-мартта Кыргыз өлкөсүнөн Казакстанга барганын казак басылмалары жазып чыгышкан.

Жабыркап жаткан адам Кыргыз жараны экенин Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.

"Коронавирус аныкталган Кыргыз жараны Казакстандагы медициналык жайлардын биринде обсервацияда. Коңшу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, бейтаптын абалы канааттандырарлык", - деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Usow
2020-03-25 15:48:00
ушундай абалда эмне бар экен олкодон олкого жол журуп
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан