Өзгөчө абал киргизилген Нарын шаары жана Ат-Башы районундагы базарлар күндүзгү саат 14:00гө чейин иштөөгө өттү. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде комендант Уланбек Аалиев онлайн маалымат жыйында билдирди.
"Облустагы бардык райондордогу жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө айтканбыз. Анда айылдардан атайын такси кызматтары айыл элине базарга түшүп, дары-дармек, азык-түлүктөрдү алып келип берип турушат. Муну менен биз айылдардагы жашоочулардын ар кайсы шылтоо менен үйдөн чыгуусуна тыюу салуудабыз", - деди ал.
Ошондой эле комендантка блокпосттордо иштеп жаткан кызматкерлер дагы коронавируска каршы текшерүүдөн өтүштүбү деген суроо берилди.
"Биздин бардык блокпосттордо иштеп жаткан өздүк курамдын кызматкерлеринен анализ алынды. Ошондой эле обсервацияда иштеп жаткан кызматкерлер дагы текшерүүдөн өтүп бүтүштү. Алардын эч биринен коронавирус аныкталган жок", - деди Аалиев.