Орусиянын 84 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 21 миң 798 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 256 адам каза болсо, 10 миң 722 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 6897 (айыккандар 3313);
Санкт-Петербург - 1403 (айыккандар 712);
Москва облусу - 660 (айыккандар 422);
Нижегород облусу- 411 (айыккандар 186) адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 1 миллион 796 миң 132 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен 30 миң 793 адам каза болсо, 1 миллион 335 миң 141 бейтап айыгып чыкты.