Австралияда коронавирустан улам жумушсуз калган жаран лотерея ойноп, 3 миллион доллардан ашуун каражат утуп алган

Австралияда коронавирустан улам жумушсуз калган жаран заматта миллионер болду. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, Аделаида шаарынын тургуну лотерея ойноп, 3 миллион доллардан ашуун каражат утушка ээ болгон.
Эпидемиядан улам жумушунан кеткен шаар тургуну лотерея сатып алган. "Лотереядан каражат утуп алганымды онлайн эсебимди караганда билдим. Ишенбей кайра-кайра текшердим, чын экен. Бул кечинде болгон. Ал убакта жубайым уктап жаткан, мен жакшы кабарымды айтуу үчүн аны ойготтум", - деген миллион доллардын ээси. Ал акчаны турак жай сатып алууга жумшоону мерчемдеп жатканын кошумчалаганы айтылат маалыматта.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
rususu
2020-04-16 19:34:11
Кудай бериптир да.
+4
rola
2020-04-16 21:09:29
Бул вирус кобуно азап,кобуно бакыт алып келдиго.
-1
interpol
2020-04-17 09:21:37
Ооо Аллахым магада ушундай насип кыл оомиин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан