Соңку суткада республика боюнча коронавирус илдетинен 12 бейтап каза болду. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифинг берип жатып билдирди.
Анын айтымында, Бишкек шаарында 6, Чүйдө 3, Нарын облусунда бир, Баткен облусунда бир бейтап каза болду.
Өлкө боюнча каза болгондордун саны 2 миң 217 адамды түздү.