"Менин дагы силерге окшоп үй-бүлөм, балдарым бар". Бишкектин коменданты шаар тургундарына кайрылды

Бүгүн, 17-апрелде Өкмөт үйүндө Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев шаардагы абал тууралуу онлайн маалымат жыйын берди.

"Азыркы убакта оорунун саны күн сайын өсүп жатат. Күн сайын дарыгерлер өмүрүн тобокелге салып иштеп келишет. Ар биринин үй-бүлөсү бар. Менин да силерге окшоп үй-бүлөм, балдарым бар. Ошого карабай күн дебей, түн дебей бул коркунучтан шаарыбызды сактап жүрөбүз. Алдыда эмне болорун азырынча так айта албайбыз. Баарыбыз оптимисттик көз караш менен алдыга карап, биздин гана жардамды күтпөстөн, сиздер дагы кол кабыш кылып, бардык эрежелерди сактап берсеңиздер, биз жеңишке жетебиз", - деп билдирди шаар коменданты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан