
Эпидемиологиялык кырдаалдын курчушуна байланыштуу жана COVID-19 илдетинин жайылышын алдын алуу максатында 24-июндан тартып жүргүнчүлөрдү аэропорттон узатуучулар менен тосуп алуучуларга убактылуу чектөө киргизилет. Бул туурасында "Манас" эл аралык аэропортунан кабарлашты.
"Манас", "Ош" эл аралык аэропорту жана "Ысык-Көл" эл аралык аэропортторунун аэробекеттерине узатуучулар жана тосуп алуучулар үчүн убактылуу кирүүгө чектөө кирет. Аэропорттордун имаратына көрсөтүлгөн күнгө учууга билети бар жүргүнчүлөр гана кире алышат. Бул чектөөлөр эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин күчүндө калат".
Мекеме жүргүнчүлөрдүн жана кызматкерлердин коопсуздугу үчүн кабыл алынган бул чараларга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнүп, келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.