
Бириккен Араб Эмирлигиндеги кыргыздарды алып келүү үчүн 26-апрелде чартердик каттамды уюштуруу болжолдонууда. Аларды Дубай-Бишкек каттамы менен алып келүү боюнча тиешелүү тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Бириккен Араб Эмирлигинин авиациялык мекемелери менен министрлик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кыргыз жарандарын чартердик каттам менен алып келүүнү уюштурууну мерчемдеп жатат. Алдын ала сүйлөшүүлөргө ылайык, аталган өлкөдөгү кыргыздарды мекенге алып келүү ушул жылдын 3-майына жана 10-майына белгиленүүдө. Ошондой эле 26-апрелге дагы чартердик каттам уюштуруу каралууда", - деп айтылат маалыматта.