Улуттук онкология жана гемотология борборундагылар кандайча коронавирус жуктуруп алганын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүнкү брифингде айтты.
"Онкологияда вирус чыкканы боюнча маалымат 11-май күнү келип түштү. Иликтөөнүн натыйжасында Панфилов районунун тургуну 28-апрелден 4-майга чейин небереси менен ооруканада жатып чыккан. Кийин ал жергиликтүү мекемеге барып текшерилгенде андан вирус чыккан. Бүгүнкү күндө ооруканада иштеген 120 медицина кызматкери текшерүүдөн өттү. Вирус 9 баладан жана аларды карап жаткан 3 ата-энелерден чыкты.
Ал эми балдар бөлүмүндө атайын дарылоодон өтүп жаткан балдар бар. Аларды текшергенде вирус аныкталган жок. Ошондой эле ал балдарды башка жакка которууга болбойт. Ошондуктан, 1-кабатты стационар кылып, бул жакта бардык шарттар түзүлүп, кызматкерлер күнү-түнү иштеп жатышат.
Ал эми 2-кабатта анализи таза чыккандар кармалып жатат. Оорукана саламаттыкты сактоо министрлигинин толук көзөмөлүндө", - деди ал.