Караколдо коронавирустан айыккан жарандын үй-бүлө мүчөлөрүнөн вирус аныкталды

Каракол шаарынын бир тургуну Индиядан коронавирус жуктуруп келген. Жаран вирусту үй-бүлө мүчөлөрүнө, тагыраагы, 2 баласына жана 2 балдызына жуктурган.

Бул тууралуу SUPER.KG порталына Каракол шаарынын мобилдүү бригадасынан Асел Акмолдоева билдирди.

Анын айтымында, коронавирус жуктурган жаран кечээ, 16-апрелде оорудан айгып, үйүнө чыгарылган.

"Мобилдик бригадага сакайып чыккан жаран үй-бүлөсү менен катталган. Бейтап абалы жакшыргандыктан, кечээ үйүнө чыгарылган.

Бүгүн, 17-апрелде коронавирус бейтапканадан айыгып чыгарылган жарандын балдарынан жана балдыздарынан аныкталган.

Анын үй-бүлөсү жана эки балдызы 30-марттан бери обсервацияда болчу. Азыркы тапта Ысык-Көл облустук ооруканасында анын 2 баласы жана 2 балдызы дарыланып жатат.
Алардын абалы туруктуу, жакшы абалда", - деди дарыгер.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан