"Ухан вирусу": Орусияда илдетти жуктургандар дээрлик жарым миллионго чукулдады

10-июнга карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны 7 миллион 227 миң 869га өстү. Алардын арасынан 3 миллион 362 миң 794 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылса, 411 миң 9 адам көз жумду.

Коронавирус эң көп жайылган АКШда 1 миллион 977 миң 7 адам аталган илдет менен катталды. Арасынан 524 миң 855 адам сакайып, 111 миң 876 бейтап каза болду.

Экинчи орунду ээлеген Бразилияда вирус менен ооругандардын жалпы саны 739 миң 503кө жеткен. Андан 389 миң 488 адам ооруканадан айыгып чыкса, тилекке каршы 38 миң 406 адам каза болду.

Орусияда 484 миң 630 адам коронавирус илдетин жуктуруп алды. Арасынан айыгып чыккандар - 241 миң 917, көз жумгандар - 6 миң 134.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан