Бишкек шаарынын мэринин кеӊешчиси Гуля Алманбетова өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына "Күндө жаңы конуштарга барам. Миллион "тупой" маселелер жана кедейчилик. Баары бири-бирин, баарын каргап жаткан. Ар бир үчүнчү аял 30-36 жашта, 5-8 баласы бар. Көп балалуу үй-бүлөлөрдү жек көрөм жана көргүм дагы келбейт" деп билдирүү жазган. Аталган билдирүү коомчулук тарабынан кызуу талкууга алынды.
Көп өтпөй кээ бир активисттер Алманбетованы кызматтан кетүүсүн талап кылып чыгышты.
Алманбетова аталган билдирүү жеке анын үй-бүлөсүнө байланыштуу жазылганын SUPER.KG порталына айтып берди. Айтымында, билдирүүнү коомчулук туура эмес кабыл алган жана ал адам болгондон кийин оюн жазып, жеңилдөөгө акысы бар.
"Мен жеке үй-бүлөм жөнүндө жаздым. Ким бирөө өзүнө алса, кечирим сураймын. Көп бала – ырыс алып келет. Азыркы тапта апам 85 жашта. Ал таң атканча уктабай жатат. Анткени ал көп бала тарбиялап, өстүрдү. Апакем балдарын издеп, аларды тааныбай катуу ооруп жатат. Улуу эжекем жана сиңдим экөө апамды карап, багышат.
Тилекке каршы, мен апамды үйгө алып келе албайм же карай албайм. Анткени талаада иш деп жүрөм. Карыган апама бара албайм, үйгө да кире албайм. Эки сапар короого чейин барып, үйгө кирбей азык-түлүк таштап келдим. Бирок тамак ичпей калды апам. Түндө эжекем "апама алым жетпей жатат" деп ыйлап чалды. Ал түнү менен уктабай, эшикке чыгып өлүп калган балдарын издеп жатыптыр. Ар кайсы бир туугандарым, ар кайсы жерде чачырап калды. Эркек балдар ата-энени карашпайт деле да. Ошого жүрөгүм ооруп жазган постум болчу. Негизи буулуккан учурумду ким түшүнмөк эле. Анын үстүнө жаран катары ички дүйнөмдөгү ой толгоолорду жазууга укугум бар да. Бул жерде кээ бир адамдар тарабынан мени каралоо иштери да жүрүп жатат", - деди Алманбетова.