Кызматкерлеринен коронавирус аныкталган үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 3 филиалы бар. Анын экөө дезинфекциялоо үчүн жабылды

Бүгүн, 17-апрелде коронавирус жуктурган 23 жарандын арасында №17 үй-бүлөлүк медициналык борборунун (ҮМБ) төрт кызматкери болгону кабарланды. Аталган медициналык жайдын 3 борбору бар экенин, анын экөөндө иштеген кызматкерлерден вирус аныкталганын окурман билдирди.

Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине байланышканыбызда, төмөндөгүдөй жооп алдык.

"Сөз болуп жаткан №17 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору Ленин райондук биргелешкен үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна карайт. Аталган борбордун 3 филиалы бар. Борбордун башкы кеңсеси Чоң-Арыктын өзүндө, экинчиси ошол эле айылдын башка көчөсүндө жайгашкан. Бүгүнкү күндө жогорудагы эки филиалдарда дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү үчүн жабылды. Дезинфекция иштери аяктаганда, медициналык жайлар кайрадан ишин улантат", - деп билдиришти.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан