Нарын шаарында коронавирус илдетин аныктай турган көчмө лаборатория иштей баштады. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
"Нарын облусунун аймагында COVID-19 илдетин жуктургандардын саны көбөйө баштагандан улам, аталган лаборатория облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна жайгаштырылып, 23-апрелден бери иштей баштады. Учурда ал жерде 4 адис иштеп жатат, үчөө Бишкек шаарынан келди. Бул лабораторияда күнүнө 100 ПЦР-анализ чыгарганга мүмкүнчүлүк бар", - деп жазылат маалыматта.