Өкмөт өлкөнүн бардык аймактарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 4459 тонна ун бөлдү

Кыргыз өлкөсүнүн өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду жалпысынан өлкөнүн бардык аймактарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратуу үчүн биринчи сорттогу 4459 тонна 500 килограмм ун бөлдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

"Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан бардыгы болуп Ош облусуна 1258,4 тонна ун берилди. Анын 230,5 тоннасы эпидемиологиялык кырдаал жакшы эмес болуп турган Кара-Суу районуна, 401,85 тоннасы Ноокат районундагы калктын аярлуу катмарына таратылууда.

Ал эми Жалал-Абад облусуна 1241,75 тонна бөлүндү. Анын 456,25 тонна уну өзгөчө абал кирген Сузак районуна жеткирилди: Баткен облусуна 273,05 тонна; Нарын - 281,10; Чүй - 392,55; Ысык-Көл - 267,60; Талас - 245 тонна ун берилди", - деп айтылат маалыматта.

Муну менен катар өзгөчө абал кирген Бишкек шаарына 370 тонна бөлүнсө, Ош шаарына 130 тонна ун жеткирилген.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан бөлүнгөн ун атайын түзүлгөн комиссиянын чечиминин негизинде муктаждарга таратылып жатат.

"Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларында буудай жана ундун кору жетиштүү көлөмдө. Буга кошумча дагы Орусия Федерациясы менен Казакстан Республикасындагы компаниялардан келишимдик негизде 28 миң тонна буудай сатып алынды. Ал май айынын аягына чейин толук көлөмдө өлкөгө темир жол аркылуу жеткирилет", - деп билдирет өкмөт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан