Нарын шаарынын биринчи вице-мэринен коронавирус аныкталды. Мэриянын имараты 3 күнгө карантинге жабылды

Нарын шаарынын биричи вице-мэри Давид Курмановдон коронавирус аныкталганына байланыштуу имарат 3 күнгө карантинге жабылды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

Мадемин Каратаевге жаран тарабынан "Нарын шаарында көптөгөн мамлекеттик мекемелер карантинге жабылып жатат, мындай учурда алар кандай иш алып барат?" деген суроо берилген.

"Коронавирус аныкталган адамдар иштеген жерлер карантинге жабылып жатат. Мэриядан да бир адамдан коронавирус чыкканына байланыштуу ал жер 72 саатка, башкача айтканда, 3 күнгө карантинге жабылды. Дезинфекциялоо иштери дароо жүргүзүлдү. Негизи мүмкүнчүлүк болсо үйдөн отуруп иштөө зарыл", - деди Каратаев.

Айта кетсек, буга чейин Нарын шаарында Ички иштер башкармалыгынын имараты да карантинге жабылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан