«Манас» эл аралык аэропортунда бүгүн, 31-майда «Сибирь» (S7) авиакомпаниясынын Новосибирск-Бишкек рейси менен чартердик каттамын тосуп алышты, аталган рейс менен 180 Кыргыз жараны кайтып келди.
Бул каттам менен курч муктаждыгы бар жарандар: ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, оор илдеттери барлар, улгайган курактагы адамдар, кош бойлуу жана балалуу энелер, турмуштук оор кырдаалдагы жарандар мекенине кайтарылды.
Жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспоралары менен биргеликте Орусиянын Сибирь, Ыраакы чыгыш жана Түндүк региондорунда жашаган Кыргыз жарандарынан келип түшкөн кайрылууларды эске алуу менен түзүлгөн.
Азыркы учурда келген бардык жарандар белгиленген медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга (байкоо жүргүзүүгө) белгиленген тартипте жайгаштырылды.
Чет мамлекеттерде жашап жаткан жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз жарандарынын кайтып келиши боюнча иштер улантылат.