Өлкөдө коронавирусту аныктоочу лабораториянын көбү түштүк аймактабы? Министрликтин жообу

Өлкөдө коронавируска алынган анализдердин жыйынтыгын чыгаруу үчүн 9 лаборатория иштеп жатканын саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов айткан. Ошол 9 лабораториянын эң көбү, тагыраагы, 8и түштүк аймакта, бирөө Бишкекте экенин социалдык тармактарга жазып чыгышты.

Бул боюнча министрликтин маалымат кызматына байланышканыбызда, кошумча дагы 3 көчмө лаборатория бар экенин кабарлашты.

"Бүгүнкү күндө вирусту аныктоочу 9 лаборатория иштеп жатат. Ошто 1, Жалал-Абадда 1, калганы Бишкекте. Мындан тышкары дагы 3 көчмө лаборатория бар, алар түштүк аймакта иштеп жатат. Анткени ал жакта бирден лаборатория болгондуктан анализдерди чыгарууга үлгүрбөй калбасын деп ошол аймакта ачылган", - деди мекеменин басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Krai
2020-04-19 11:33:06
Суроону береерден мурун ойлонуп туруп беришсе ... Журналисттер. Лабораториянын көбү түштүктөбу? Дебей кайсы жерде оору болсо ошол жакта болот да ал лабораториялар кызык элесинер
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан