Абдулманап Нурмагомедов: "Хабиб азырынча Орусияга келбейт"

UFC уюмунун чемпиону, атактуу мушкер Хабиб Нурмагомедовдун машыктыруучусу жана атасы Абдулманап Нурмагомедов коронавирус чуусунан улам Хабиб Нурмагомедов UFC 249 турнирине даярданып жаткан АКШдагы АКА (Америка Кикбоксинг Академиясы) залы жабылат деген имиштер боюнча оюн айтты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

"Хабиб азырынча Орусияга келбейт. Америкада беттеш болгону жатса, ал бул жакка эмнеге келмек эле? Даярданып жатканда машыгуучу зал жабылышы мүмкүн деген туура эмес. Эгер бул машыгуучу зал такыр эле жабылса, анда Хабиб таза абада жекече машыгуусун улантат. Андан ары эмне болорун бир гана жараткан билет", - деп билдирген Абулманап Нурмагомедов.

Маалыматка ылайык, UFC 249 турниринин алкагында Нурмагомедов-Фергюсон беттеши 18-апрелде Нью-Йорк шаарындагы 19 миң көрүүчү бата турган "Барклайс-Центр" спорттук аренасында өткөрүү пландалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
katerina.li
2020-03-17 11:50:34
Бизге кереги эмне келеби же келбейби
+1
Azizbek_Musabekovich
2020-03-17 12:39:57
katerina.li,)))
+1
ilgizk
2020-03-17 23:47:04
Булпрдыкы да токтойт ушундай боло берсе
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан