ӨКМ: "Ошто ӨКМнын кызматкерлери күндүз дезинфекциялоо ишин аткарып, түнү блокпостто иштеп жатышат"

Бүгүн, 18-апрелге карата коронавируска байланыштуу Ош облусу жана Ош шаарындагы ӨКМнын башкармалыктарынын өкүлдөрү маалымат беришүүдө. Анын башында жалпы маалыматтар айтылып өттү.

Ага ылайык, Ош облусунун аймагында сутка ичинде 9 адам коменданттык сааттын эрежелерин бузуп кармалып, аларга протокол толтурулуп, айып салынган. Дагы бир мас абалында унаа айдаган жаранга 17 миң 500 сом айып салынган.

"ӨКМнын Ош шаардык башкармалыгы күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Тынымсыз дезинфекция иштери жүрүүдө. Шаар боюнча 6 бөлүм аймактарды бөлүп алып, дезинфекция иштери аткарылууда. Шаарда хлор жетиштүү, 8 тоннадай хлор бар. Санэпидемстанция сунуштаган жайлардын баары залалсыздандырылууда", - деди ӨКМнын Ош шаардык башкармалыгынын өкүлү Нурлан Баймуратов.

"Облустун жети районунда тең дезинфекция иштери жүрүп жатат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу мекемелери да ишке тартылууда. Унаа жолдор, имараттын ичтери жана айланалары дезинфекцияланууда. Бүгүн райондорго 5 тонна хлор бөлүндү. Кызматкерлерибиз күндүз дезинфекция кылышып, түнү блокпосттордо туруп, иштеп жатышат", - деди облустук башкармалыктын өкүлү Асан Сулайманов.

Буга карабастан Ош шаарындагы Манас-Ата кичи районунун тургуну дезинфекция иштеринин жүрүшүн көрбөй жатканын билдирди. Нурлан Баймуратов муну четке кагып, Манас-Атада дезинфекция иштери өтүп жатканын айтты. Брифинг учурунда Озгурга дезинфекция унаасын жөнөтүүнү суранышты.

"Озгурдан коронавирус чыккан, учурда ал жерде залалсыздандыруу иштери жүрүп жатат. Кара-Суу, Ноокатта да өзгөчө абал жарыяланган, өзгөчө кырдаал киргизилген аймактарда да дезинфекция иштери бирдей жүрүп жатат. Өрт өчүрүү кызматынын техникалары тартылган. Эл көп жүрүүчү базарларда, банктарда, почталарда күчөтүлгөн дезинфекцияны жүргүзүп жатабыз", - дешти ӨКМдан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан