Бразилияда сутка ичинде 1200 жаран коронавирустан көз жумуп, буга чейинки рекордду жаңылады

Дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны боюнча алдыңкы үчтүккө чыккан Бразилияда сутка ичинде 1 миң 200 бейтап каза болду.

АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин системалык картасындагы маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө аталган өлкөдө вирустан каза болгондордун саны 20 миң 47ге өстү. Буга чейин Бразилияда сутка ичинде 1 миң 188 жаран инфекциядан көз жумуп, бул сан эң жогорку чекти көрсөттү деп маалымдалган.

Учурда өлкөдө коронавируска кабылгандардын жалпы саны 310 миң 87ге жетсе, анын 125 миң 960 бейтабы илдеттен айыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан