Бүгүн, 18-апрелде Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеңишбек Жоробеков жана облустук медициналык штабдын орун басары Урмат Боржиев маалымат жыйын берүүдө.
Жыйында "Жалал-Абад шаарынын темир жол бекети аймагынын негизги көчөсүнө дезинфекция жасоо үчүн барган кызматкерлер ишин аткарбай эле дезинфекциялаган түр көрсөтүп сүрөткө түшүп кетишти. Бул окуяны териштирип коюңуздар" деп окурман суранган. Комендант санитардык иштерди жергиликтүү бийлик жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жасап жатканын айтып, бул маселени жеке көзөмөлгө аларын билдирди.