Буга чейин 6-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө коронавирус пандемиясына байланыштуу аскерге чакырууну жана запаска бошотууну убактылуу токтотуу жөнүндө жарлыкка кол койгон. Ал эми жаңы жарлыкка ылайык, Кыргыз өлкөсүндө аскерге чакыруу жана кызмат өтөп бүткөндөрдү запаска бошотуу иши башталат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан маалымдашты.
"Өлкө башчысы Кыргыз өлкөсүнүн Куралдуу күчтөрүндө, аскердик түзүмдөрдө, мыйзамда аскердик кызмат катары эсептелген мамлекеттик органдарда жана альтернативдик кызматын өтөп бүткөндөрдү запаска бошотуу, ошондой эле 2020-жылдын март-май айларында милдеттүү кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө" 2020-жылдын 18-февралындагы жарлыгын колдогон документке кол койду. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет", - деп жазылат маалыматта.
Белгилүү болгондой, өлкөбүздө 18 жашка толгон жарандар күзүндө жана жазында бир жолку милдеттүү түрдө аскерге кызмат өтөөгө чакырылат.