Индонезия, Таиланд жана Вьетнамдан Кыргыз жарандары учуп келишти

Индонезия, Таиланд жана Вьетнам өлкөлөрүнөн дагы 32 Кыргыз жараны учуп келишти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргыз жарандарын мекенине алып келүүдө Казак өкмөтү көмөк көрсөткөндүгү белгиленет.

"Кыргыз жарандары Бангкок – Денпасар – Ханой - Усть-Каменогорск каттамы менен учушкан. Алар Усть-Каменогорск шаарына келгенден кийин ал жакта эки күндүк медициналык байкоодо болушкан. Эки күндөн кийин атайын уюштурулган транспорт менен саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлеринин коштоосунда Кыргыз өлкөсүнө келишти. Учурда келген жарандар обсервацияларга жайгаштырылышты. Шериктеш мамлекеттердин көмөгү менен чет жакта калып калган мекендештерди алып келүү иштери уланууда", - деп жазылат маалыматта.

Маалым болгондой, Кыргыз жарандары Казакстанда эки күндүк карантинде алынганда, жаткандардын коронавируска карата тапшырган анализдери таза чыкканын казак басылмалары жазышкан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Chungyz
2020-04-19 17:56:49
Уят силер дагы бир эки жерден казак жарандарына жардам берип койгула кийин док кылат убагы келгенде
+2
Mamiev
2020-04-19 19:03:35
Chungyz,Биздге көп мамлекеттин самалету келбейт Бишкекке. Казакстанга конот ошол аты аталган өлкөлөрдүн каттамы.
+4
Bars88
2020-04-19 18:11:20
Качан озубуздун окмот алып келет.Качан болсо Казакстан жардам берди деп журосунор
+1
Bekish-
2020-04-19 18:14:06
Биздин президент көрүнбөйт го барбы
+2
AksyKum
2020-04-19 19:25:34
Bekish-,бизде президент барбы
+1
Adi010891
2020-04-19 20:43:04
Bekish-,Ошону менда сурайын дегем тууган.
0
Tolkun555
2020-04-19 20:58:05
Adi010891,тайлаттын ханын жанында эмес бекен.
0
Shef87
2020-04-20 01:09:00
Кыкендин барбаган жери калбаптыр да чиркин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан