Штаб: "Медицина кызматкерлеринин иш-аракетин колдоо үчүн ресурс киргизилди"

Медицина кызматкерлеринин иш-аракетин колдоо үчүн ресурс киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ресурс каражаты менен медицина кызматкерлери саламаттыкты сактоо уюмдарын камсыз кылуучу керектүү каражаттарды, жеке коргонуу каражаттарына, медициналык жабдууларга жана дары-дармектерге билдирме жөнөтсө болот.

"Ошондой эле республикалык штабга жумушундагы көйгөйлөрү жана кыйынчылыктары (өткөрмө кагаздары, тамак-аш менен камсыз кылуу, эмгек акысын төлөө жана башка) боюнча билдирме жөнөтө алышат. Келип түшкөн билдирмелерди кароонун мөөнөтү жана аларда көрсөтүлгөн маселелерди чечүүнүн тартиби штаб тарабынан аныкталат. Билдирме берүүчүлөр республикалык штабда жеке каралуучу билдирмелерди med.tunduk.kg ресурс аркылуу керектүү формада толтурушат",
- деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан