Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлеринен коронавирус аныкталды. Мындан улам штаттык кызматкерлердин 80 пайызы изоляцияга кетти. Бул тууралуу кабар айрым маалымат булактарына жарыяланган.
Бул боюнча БШКга байланышканыбызда туура эмес, такталбаган маалымат кетип жатканын билдиришти.
"Учурда Борбордук шайлоо комиссиясында 143 адам иштейт. Алардын ичинен 7 кызматкер пандемияга байланыштуу изоляцияда. Бул болгону кызматкерлердин 4 пайызын түзөт. БШК штаттык режимде иштеп жатат", - деп жооп берди Борбордук шайлоо комиссиясынан.