Коңшу Өзбекстанда коронавирустан 77 жаштагы бейтап каза болду. Маркум вирустан каза болгон 5-адам болуп калды. Маалыматка ылайык, Ташкент шаарынын тургуну 7-апрелде карантинге алынган. Алгач анын өнөкөт бронхит илдети менен ооруп жатканы белгилүү болгон, кийинчерээк коронавируска тест алынып, жыйынтыгы вирустун белгилери бар деп чыккан.
Бейтап Ташкент шаарындагы ооруканалардын бирине которулган. Бирок ал эки тараптуу бронхо-пневмония, өпкөнүн шишип кетиши жана дем алуунун жетишсиздигинен улам каза болду деп айтылат маалыматта.
Бүгүнкү күнгө карата Өзбекстанда коронавирус менен ооругандардын саны 1 миң 565ке жетип, анын 225и айыкты.