Белград шаарындагы баш аламандыкта 36 адам жаракат алды

Сербиянын борбору Белград шаарында орун алган баш аламандыкта 36 адам жаракат алды. Бул тууралуу маалыматты дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

Жазылган маалыматка ылайык, 8-июлдан 9-июлга караган түнү Белград шаарында орун алган баш аламандыкта 36 жаран жабыркаган. "Алардын ичинде 19у полиция кызматынын өкүлдөрү болсо, 17си демонстранттар. Арасында оор жаракат алгандар жок", - деп билдирген "Тез жардам" кызматынын өкүлү Иван Стефанович.

Белград шаарында коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу өлкөгө чектөө кайра киргизилерин уккандан кийин миңдеген адамдар нааразычылык акциясына чыгышкан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан