Бүгүн, 20-апрелде Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов аймактардагы абал тууралуу онлайн маалымат жыйын өткөрүүдө.
Жыйында сутка аралыгында болгону 3 жаран райондук ички иштер башкармалыгына алып келингендиги айтылды.
Комендант акыркы кездерде жарандар, айрыкча жаштар арасында тартип бузуулар азайып жатканын белгилеп өттү. "Коменданттык сааттын эрежесин түшүнүп, анын талаптарын так аткара баштаган тургундарга ыраазычылык билдирем", - деди Малик Нурдинов.