Бүгүн, 28-сентябрда Жарандык коргоо штабынын кезексиз жыйыны болуп өттү. Анда коронавирусту алдын алуу иш-аракеттериндеги санитардык көзөмөлдү күчөтүү, жарандарга жана ишкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү талаптары коюлду. Жыйынга Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев, күч түзүмдөрү, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаарындагы өкүлдөрү, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тарамагынын кызматкерлери, муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары катышты.
Биринчи вице-мэр Саибжан Турдуев Ош шаарында түзүлгөн 7 мобилдик топко күчөтүлгөн тартипте иш алып барууну табыштап, коомдук транспорт жана курулуш тармактарына түшүндүрүү иштерин алып баруу боюнча тапшырмаларды берди.
"Жугуштуу ооруну күчөтүп албоо иш-аракеттерин жандантып, күчөтүлгөн тартипте иш жүрүп баштайт. Бардык жарандарды туура түшүнүү менен кабыл алып, коомдук жайларда беткап тагып, антисептик колдонуп жүрүүгө чакырабыз. Зарылчылык жок болсо массалык иш-чараларга барбай турса да бул чоң жардам. Ал эми тийиштүү кызматтардан түзүлгөн штаб өз ишин күчөтүп, бардык аймактарда, мекеме, ишканаларда, коомдук жайларда текшерүүлөр жүрөт. Ош шаарындагы бардык базарлар ар аптанын дүйшөмбү күнү залалсыздандыруу иштерине байланыштуу жабылат. Ал эми карантиндик эрежени сактоону баарына сунуштайбыз", - деди ал.
Жыйындын алкагында штабдын мүчөлөрү карантиндик эрежелерди сактабагандар мыйзам чегинде жоопко тартыларын кошумчалашты.
Ош шаардык клиникалык ооруканасынын балдардын жугуштуу оорулар стационарынын эски имараты толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, 180 орун даярдалган. Ага кошумча дагы 100 орундуу жаңы имарат октябрдын башында колдонууга берилет. Ош шаардык ооруканасынын эски имаратында 100 орун даярдалып, учурда иштеп жатат. Ош шаарында жалпысынан 380 орун вирус күчөгөн учурда иштөөгө даяр. Мындан тышкары резервде башка имараттар бар. Керектелүүчү коргоочу кийимдер, кычкылтек концентратору, өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттары жетиштүү деңгээлде. Дары-дармектердин запасы 2 айга ылайыкталып алынган.